Казакстан коронавирустун очогу болгон Ухан шаарынан 61 студентин эвакуациялайт. Студенттер мекенине алып келингенден кийин 14 күн бою атайын палатада (изолятор) болот. Мындай маалыматты казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-январда Казак бийлиги Кытай Эл Республикасына кайрылып, Ухан шаарында билим алып жаткан 61 студентти эвакуациялоону уюштуруп берүү маселеси менен кайрылган. Ага ылайык, атайын учак жөнөтүлүп, казак дарыгерлери кошо барары айтылды.
Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирустан улам Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги тез арада 3 миллиондон ашуун ар кандай бет каптарды алат. Өлкөнүн бардык ооруканаларына, медициналык жайларына 2 миллион 500 миң медициналык бет кап жана 1 миллион 300 миң респиратордук бет кап алынары маалымдалды.