Кыргыз өлкөсүнүн мурунку азирети муфтийи Чубак ажы Жалиловго жаран тарабынан антисептикалык каражаттар боюнча суроо келип түшкөн.
Анда Чубак ажы Жалиловго жаран "Дарыканаларда антисептикалык каражаттар сатылып жатат. Каражаттын курамында спирт бар экен. Аны колдонууга болобу?", - деген суроо узаткан.
"Албетте, антисептикалык каражаттарды колдонсо болот. Азыркы тапта саламаттыкты сактоо министри айтып жаткан бардык шарттарды колдон келишинче аткаруу керек. Колду бат-баттан самын менен жууп, каражаттар менен тазалоо талапка ылайык", - деп жооп берген Жалилов.
Ошондой эле ал эфир учурунда эгер ал каражаттарды алууга акча тартыштыгы пайда болуп жатса, үйдө өз алдынча жасап алса деле боло турганын кошумчалап өткөн.