Казакстанда 1-июндан баштап блокпосттор алынып, Алматыда мечит жана чиркөөлөр ачылат. Мындай маалыматты казак басылмалары жазышууда.
Ага ылайык, шаарларга кирүү чектеринде локалдык блокпосттор калтырылганы менен ал жерде аскер кызматкерлери турбайт.
Мындан улам жарандар шаар ичинде жана шаарлар арасында эркин кирип-чыгышары белгиленет.
"Алматы шаарынын мэриясы мечит жана чиркөөлөрдүн иштешине дагы санитардык нормаларды көзөмөлдөө шарты менен уруксат берип жатат. Бирок жума намаз, дем алыш күндөрүндөгү чиркөө кызматы, чиркөө коомунун мүчөлөрүнүн чогулуштарынын болушуна тыюу салынды. Мечит жана чиркөөлөргө бет капсыз, тумоонун белгилери бар жарандар киргизилбейт. Бул жайларда 15-20 мүнөттөн ашык калууга болбойт. Ошондой эле социалдык аралыкты кармоо сунушталат", - деп жазылат маалыматта.