Орусияда жашаган Кыргыз жарандары арасында "Кыргыз өлкөсүндө коронавирус катталды" деген такталбаган, провокациялык материалдарды WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Акыркы кезде WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу коронавирус Кыргыз өлкөсүнө келди деген темада чындыкка дал келбеген, провокациялык сүрөт, аудиофайлды тараткандар көбөйдү. Маалымат бат коомчулукка тарап, эл арасында кооптонууну пайда кылууда. Орусиядагы ИИМ өкүлдөрү ИИМдин мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракет көрүү боюнча кызматы менен биргеликте иликтөө жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу 1992-жылы туулган Ж.Ы. аттуу Москвада складда иштеген жаран маалыматтарды тараткандыгы аныкталган. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жалган маалымат таратканы үчүн жазага тартылары эскертилген. Ж.Ы. күнөөсүн моюнуна алып, материалдарды интернет булактарынан, ошондой эле Казакстанда жүргүзүлгөн коронавируска каршы реакция кылууга окутуу сабактарынан алганын билдирген", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Ички иштер министрлиги жалган маалымат тараткандар жазага тартыларын эскертет.