
Эртең, 25-майдан баштап 110 троллейбус, 112 автобус 11 каттам менен жүрүп баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-маршрут гана жүрбөйт.
"Автобустарды жана троллейбустарды коопсуз ишке киргизүүгө даярдык көрүлүп, транспорттук кызматтын кызматкерлери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү. Коомдук транспорттор адаттагыдай эле жүрүп, бирок санитардык коопсуздук чараларын так сактоо менен, унаалардын кире беришинде санитардык тазалагычтар орнотулат, айдоочулар жана жүргүнчүлөр бет кап жана кол кап кийишет.
Жүргүнчүлөрдү ташуу 60-70 пайыз өлчөмдө жана санитардык аралыкты сактоо менен жүргүзүлөт. Унаанын салону бир нече жолу дезинфекцияланып, ар бир каттамдан кийин эшик туткалары, орундуктар сүртүлүшү керек. Шаардыктардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн "Тулпар" электрондук накталай эмес тарифтик тутуму иштейт. "Тулпар" карталарынын артыкчылыктары: транспорттук коопсуздук, чыгымдардын ачыктыгы жана эң негизгиси акчаны накталай алууда байланыш жок.
Эсиңиздерге сала кетсек, автобустарга жана троллейбустарга кире бериштеги эшиктен кире аласыз. 1-июндан баштап жеңилдетилген категориядагы жарандар үчүн кызыл карталарды берүү боюнча "Тулпар" тейлөө борборлорунун ишин жандандыруу пландаштырылууда. Көк түстөгү "Тулпар" картасын айдоочулардан, уюлдук операторлордун кеңселеринен сатып алууга болот", - деп жазылат маалыматта.