Кытайда акыркы бир сутка ичинде 22 адамдан COVID-19 илдети тастыкталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматка таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Ага ылайык, бир суткада илдет 22 адамдан аныкталса, 21 бейтап сакайып, ооруканадан чыккан. Коронавирус илдети аныкталгандардын 16сы Синьцзян-Уйгур автономдук облустан, алтоо жергиликтүүлөрдөн тастыкталган.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кытайда 85 миң 314 адам вируска кабылса, 80 миң 18 бейтап оорудан сакайган, 4 миң 644 адам каза болгон.