25-марттан тарта киргизилген өзгөчө абал учурунда коменданттык сааттын (20:00дөн 07:00гө чейин) талаптарын бузуп, түнкү убакта коомдук жайларда жүргөн Сузак районунан 27 жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан 10 адам кармалып, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Аларга карата протоколдор түзүлүп, коменданттык саат бүткөнчө кармалып, мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн. Бул тууралуу аталган аймактар боюнча коменданттык басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ошондой эле Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек унаа жолундагы “Беш-Кепе”, “Боз-Чычкан” блокпостторунан 21 жарандын ден соолугу текшерилип, андан сырткары жалпы – 123 (36 жүк ташуучу) автоунаа текшерилип, Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлдү.
Блокпосттордон өтүү үчүн жарандардан келип түшкөн арыздар коменданттын штабы тарабынан ирети менен өз нугунда каралып, өзгөчө зарылдыгы бар багыттарга уруксат кагаздары (пропуск) бериле баштады.
Өзгөчө абал киргизилген аймактарда учурда жалпысынан 40тан ашуун санитардык-карантиндик посттор иштеп, анда күнү-түнү укук коргоо органдарынын, аскер кызматтарынын, санитардык-дезинфекция кызматтарынын кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте элдин саламаттыгы үчүн кызмат өтөшүүдө.