Республиканын айрым аймактарында медициналык бет каптардын баасы жогорулап жатат. Мындай билдирүүсүн окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жиберип, тиешелүү органдар көзөмөлгө алышы керектигин айтат.
"Ош облусунун Өзгөн районундагы дарыканаларда 29-январда медициналык бет каптын баасы 5 сом болчу. Эртеси күнү, тагыраак айтканда, 30-январда бет каптар 10 сомдон сатылып калыптыр. Мунун айынан эл дүрбөлөңгө түшүүдө, тиешелүү мекемелер көзөмөлгө алсын", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.