Социалдык тармактарда Кытайдан келген жарандардын Канттагы ооруканага бара жаткандагы видеосу тарады. Бул тууралуу постту социалдык тармактагы Арина Арпачиева аттуу колдонуучу жарыяланган.
Анда ал 11 адамдын, анын ичинде кичинекей балдардын ооруканага жеткиче кыйналып, шарты жок кичи автобуста баргандарын жазган.
"Биз Кытайдан келдик. Ага чейин 3 аба майдандан 28378328 жолу текшерүүдөн өткөнбүз. Кордай менен чектешкен жерден биздин дене табыбызды кайрадан текшеришти. Андан кийин эч кандай шарты жана жылуулугу жок кичи автобуска салышты. Биз 11 адам болчубуз, бирок унаа 6-7 адамга ылайыкташкан. Мейли биз, бирок балдар Кантка жеткиче үшүп, ыйлап, ачка болушту. Кээ бирлери өзүнүн автоунаасы менен келген. Бирок дарыгерлер баарыбызды бул кутуга тыгылып отуруубузду айтышты. Мындай көрүнүштү көрүү аябай оор болду. Канттагы жугуштуу оорулар ооруканасына барганда, биздин дене табыбызды кайрадан текшерип туруп, коё беришти. Коронавируска болгон текшерүү жүргүзүү ушул элеби? Ушул нерсе үчүн бул жакка сүйрөлүп келдикпи?", - деп жазган колдонуучу.
Посттун ээсине байланышууга мүмкүн болгон жок.