Бүгүн, 11-февралга карата өлкөдөгү медициналык жайларда коронавирус инфекциясына каршы 427 бейтап дарыланууда. Республикалык штабдан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык:
* 3 бейтап - канааттандырарлык абалда;
* 281 бейтап - орто оор абалда;
* 117 бейтап - оор абалда;
* 26 бейтап - өтө оор абалда.
Өлкөдө коронавирус илдети катталган күндөн бери жалпы 85 миң 328 жаран жабыркаса, анын 86 миң 6сы айыкты. Тилекке каршы, 1 миң 437 бейтап көз жумду.