Өзбекстанда велосипед тебүүгө тыюу салынды

Коронавирус пандемиясынан улам Өзбекстанда велосипед тепкенге тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындан ары көчөдө велосипед тээп жүргөн жарандардан атайын документтер талап кылынат. Алар паспорт, иштеген жеринин күбөлүгү же эмгек китепчесинин көчүрмөсү жана карантинде да жумушка чыгышы зарыл экенин далилдеген маалым кат. Эгерде жаранда аталган документтер жок болсо, ал карантиндин эрежелерин бузганы үчүн жоопко тартылат.

Расмий маалыматтарга таянсак, Өзбекстанда вирус жуктуруп алгандардын саны 1 миң 450 кишиге жеткен. Алардын 156сы сакайып, 4 адам илдеттен көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-04-18 22:29:03
Суйроп журсочу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан