5-каналдын телеалпаруучусу Айдана Жаныбекова эки бөйрөгү жарактан чыгып, жардамга муктаж. Учурда анын дарылануусуна каражат чогултуу үчүн кайрымдуулук концертин уюштуруп жүргөн ырчы Илгиз Абдалиев SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Мага Айдананын агасы кайрылып, карындашынын абалын айтты. Айдана көптөн бери ооруп жүрчү экен. Дарыгерлер туура эмес диагноз коюп дарылап жүрүп, эки бөйрөгү тең соолуп калыптыр. Азыр 3 күндө бир гемодиализ алып турат экен. Агасы операцияга акча болсо мен донор болуп берем, карындашым аябай кыйналып кетти дейт. Ошондуктан жардам болсун деп Айдананы таанып-билгендерди чогултуп, кайрымдуулук концертин уюштуруп жатам", - дейт Илгиз Абдалиев.