Америкалык актриса Памела Андерсон турмушка чыгып, 12 күндөн кийин ажырашып кетти

52 жаштагы актриса турмушка чыккандан 12 күндөн кийин жолдошу менен ажырашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 20-январда Памела Андерсон жана 74 жаштагы кинопродюсер Жон Питерс АКШнын Малибу шаарында жашыруун үйлөнүшкөн. Экөө той менен шашып кеткенби, айтор, 12 күндөн кийин нике тууралуу күбөлүгү колго тие электе ажырашууну чечишкен.

"Биз Жон экөөбүз сиздердин колдооңуздарга аябай кубандык. Бул ирет да бизди туура түшүнөсүздөр деп үмүт кылабыз. Биз жашоодон, бири-бирибизден эмне кааларыбызды түшүнүү үчүн өз алдынча жашоону чечтик", - деп актриса расмий билдирүү тараткан.

Эске салсак, Жон менен Памела 1980-жылдардын аягында таанышкан. Ошондо эле продюсер актрисанын колун сураганда Памела сунушун четке кагып койгон.

Жон Памела Андерсондун 5-никеси. Буга чейин актриса 34 жаштагы футболчу Адил Рами менен 2 жыл мамиледе болуп, үйлөнүүнү пландап жүрүшкөндө сүйүктүүсү эки "фронтто" жүргөнүн билип, андан кол үзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sakubek
2020-02-02 18:07:20
Эки жаш эмес эки картан десенер
+7
Eliza-Arapbaeva
2020-02-02 20:03:34
Sakubek,ошону айтсан))))
+2
nurda00
2020-02-03 05:53:00
Жашоодон эмнени калаап атканынарды эмдигиче тушуно элек болсонор, мен тороло элек окшойм))))
+4
ZUXRIDDIN20
2020-02-03 07:23:06
Бул капырларга п да. Кааласа уйлонот кааласа ажырашат
Уй булом бекем болсун, бала чаканы багып бактылуулукка толоюн дейиш жок
-1
guli-1980
2020-02-03 11:07:45
Биздин актрисабыз деле 11 кундо ажыраштыго. 8 жыл суйлошкон жигити мн
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан