Кош бойлуу кыргыз кызы Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө келе албай жатканы айтылууда

Кытайдын Шэньян шаарында окуган студенттердин авиабилет алган акчасы күйүп кетип, Кыргыз өлкөсүнө келе албай жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына студенттердин апасы Айгүл Маралбаева билдирди.

"Балам жана келиним Кытайдын Шэньян шаарында окушат. Балам 3-курста, ал эми келиним 1-курста. Келиним кош бойлуу. Коронавируска байланыштуу ызы-чуу башталганга чейин эле келиним Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчилигине жардам сурап кайрылган. Анткени анын ай-күнү жакындап калган. Алардан жооп келбеген соң, Ташкент аркылуу келүү үчүн "Uzbekistan airways" авиакомпаниясынан интернеттен билет тапшырык кылышат. Бирок ал билеттерди колуна ала электе эле Өзбекстан чек араны жаап салат. Уул-келиним авиакомпаниядан акчасын кайтарып берүүсүн суранганда, алар эч нерсе кыла албашын айтышыптыр. Балдарым биздин элчиликке дагы кайрылып акчаны кайтарып берүүгө жардам сурашкан. Ошону менен аларга 3 жолу кат жөнөтүшкөн, бирок ал жактан жооп келген эмес. Бүгүн мен биздин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине, элчиликке кайрылдым. Алар балдардын аты-жөнүн тизмекке киргизип коюшту. Андан башка жардам бере алышкан жок", - дейт Айгүл Маралбаева.

Айгүл Маралбаеванын айтуусунда, балдарынын билетке деген акчасын кайтарып берүүгө жардам беришсе эле, өз күчү менен мекенине кайтып келишмек.

2-февраль күнү Кыргыз өлкөсүнүн Ухан шаарында жашаган 18 жараны Бишкекке алынып келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aimani
2020-02-03 21:06:50
Биздин чиновниктерге баары бир да. Өздөрүнүн балдары болсо давно алып келмек
+14
keku00
2020-02-03 22:51:09
Блииин э, биздин МИД, чё за янйух ? Иштейсинерби озу силер? Жарандардын отунучун, укугун коргоп бербесенер йухан вы нужны нам скажите?
+9
Altyn2017
2020-02-04 01:36:14
Бл.ть биздин МИД бүт баар жоктон артта калышкан качан нормальный иштейсинер эмне деген акча бөлүнүп атат силерге бюджеттен.
+4
Haanykeim
2020-02-04 19:25:32
Бул эмне деген шумдук.Эч ким жардам бере албайбы??
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан