Депутат Сурабалдиева: "Коронавирус жок деп айтып жаткан саясатчыларды бет капсыз инфекциялык ооруканаларды кыдыртып келүүнү сунуштайм"

Депутат Эльвира Сурабалдиева кээ бир саясатчылар коронавирус жок деп айтып жатканын эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Кээ бир саясатчыларыбыз вирус жок деп, элдин башын айландырып жатышат. Ошондой элдин башын айландырган саясатчыларды бет капсыз инфекциялык ооруканага алып барып, экскурсия кылып келиңиздер. Донорлордон жардам келип жатат, коронавирус тууралуу видеороликтерди тартып, маалымат каражаттарынан чыгарып туруу керек", - деди Сурабалдиева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан