Бишкекке орусиялык дарыгерлерден турган 5 топ келди. Алар өлкөнүн аймактарында иш алып барары айтылды

Бүгүн, 23-июлда Бишкекке орусиялык дарыгерлердин кезектеги тобу келди. Дарыгерлер Бишкекке Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы менен жеткирилгенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

"Башкортостан Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жетектеген тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринин тобу COVID-19 менен күрөшүүдө кесиптештерине практикалык жардам көрсөтүү үчүн келишти. Анда 50 адистен турган орусиялык медкызматкерлердин 5 тобуна хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, жугуштуу оорулар боюнча адистер, пульмонолог жана коронавирустук инфекциясы бар бейтаптарды дарылоодо көп жылдык тажрыйбасы бар адистер кирген. Алар Кыргыз өлкөсүндө бир айга чейин болуп, COVID-19 менен ооругандарга кам көрүү ишин уюштурууга, "кызыл зонада" иштеп, бейтаптарды дарылоодо практикалык жардам көрсөтүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлерди саламаттыкты сактоо министринин статс-катчысы Калысбек Шадыханов тосуп алды. Ал көрсөтүлгөн жардам үчүн Орусиянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

"Бүгүн орусиялык адистер өлкөдөгү кырдаал менен таанышып, эртеңден баштап Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарында иштей башташат", - деди Шадыханов.

25-июлда дагы бир атайын каттам менен медициналык шаймандардын жана дары-дармектердин жөнөтүлүшү күтүлүүдө.

Кечээ, 22-июлда коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан Ил-76 аскердик-транспорттук учагы менен медициналык жабдуулар жана Орусиянын Коргоо министрлигинин алты медицина кызматкерлеринин тобу келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pepe93
2020-07-23 11:23:15
Алла ыраазы болсун, Ооруба элим
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан