Кытайда коронавирустан улам мышыкты тирүүлөй баштыкка салып көмүп салышкан

Кытайдын Цзянсу провинциясынын Уси шаарында кожоюнун коронавируска текшерүү үчүн ооруканага алып кетишкенде мышыгын тирүүлөй көмүп салышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мышыктын кожоюну коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген күмөн менен ооруканага жаткырылган. Кожоюн аймактык турак жай-коммуналдык кызматынын кызматкерлери менен мышыгын балконго калтырып кетүүсүн макулдашкан. Балкондон ары мышыкты анын таанышы алып кетмек.

Бактыга жараша, пациент коронавируска кабылбаганы аныкталып, ооруканадан чыгарылган. Бирок үйүнө келгенде үйүн дезинфекциялоо учурунда мышыгын пластикалык баштыкка салып, тирүүлөй ээн талаага көмүп салышканын билген.

Нааразы болгон кожоюн окуя тууралуу социалдык тармакка жазып чыккан. "Пекин" гезитинин журналисттери турак жай-коммуналдык кызматына байланышканда алар жашоочулар "коронавируска кабылган мышыкты жок кылгыла" деп арыздана беришкендиктен, инфекция жуктурган жаныбарларды жок кылуу мыйзамына ылайык, тирүүлөй көмүп салышканын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Simels
2020-02-04 16:36:47
Ошол арызданган жашоочуларды дагы кошо тирүүлөй көмүп салышса болмок!
+3
Alimbek1000
2020-02-04 16:38:43
Жырткычтар!!!
+4
al-abu-kinesz
2020-02-04 17:58:45
Кытайда жаралып калган жаныбар, айбанаттарга бир гана сабыр тилей алам. Башка жардам колумдан келбейт.
+7
Lui
2020-02-05 09:23:19
Сактыкта кордук жок...адамдардын канчасы кайтыш болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан