“Министрдин кызынын махабаты” тасмасында Зинанын ролун жараткан актриса Роза Азимбаева Жаңы жылды жаңы жашоо менен баштады. Дегенибиз, актриса турмушка чыгып, чыгармачыл адам менен баш байлады. Роза Азимбаева жана жолдошу Алтынбек Нажимидинов SUPER.KG порталына сүйүү баяны, жашоосундагы кызыктар тууралуу маек куруп беришти.
- Саламатсыздарбы Алтынбек, Роза? Куш бооңуздар бек болсун! Эки чыгармачыл адам кайдан таанышып, табышып калдыңыздар?
Роза Азимбаева: - Саламатчылык, рахмат! Биз акыркы жылдары апам экөөбүз Түркияда жашап жүрдүк. Инимди үйлөнтөбүз деп октябрь айында Бишкекке келгенбиз. 17-ноябрда инимди үйлөнтүп, келин алдык. Бишкекке келгенден баштап мени Баткен театрына жумушка чакырып башташты. Кайра-кайра чакыра беришкендиктен, тойду өткөрүп алып Баткенге барып, театрга актриса катары жумушка орноштум. Жолдошум ал жакта аранжировкачы болуп иштейт экен. Чогуу иштешип, жакшы сүйлөшүп калдык. Ал жакта бир айдан ашык иштегенде Жаңы жыл келип, 1-январь апамдын туулган күнүнө Бишкекке келдим. Ошол боюнча той башталып кетти (күлүп).
Алтынбек Нажимидинов: - Мен мурун Розаны кинолордон көрүп жүргөм. Бирок жубайым болуп калат деп ойлогон эмесмин. Жылдын аягында театрга Роза келип, актриса катары иштеп калды. Башында Розанын үй-бүлөлүк абалын билчү эмесмин да, балким, жолдошу бардыр деген ойлор болду. Кийинчерээк тыгыз иштешип, түштөнүүгө чогуу чыгып калганда сурашып калдык. Мен мурун үйлөнгөн эмесмин. Анын бойдок экенин билгенде үйлөнүп алсак болот экен деп тамаша иретинде сөз таштап койчумун. Тагдыр экен, минтип тамашабыз чынга айланып баш кошуп калдык.
- Ошондо 2 айга жетпеген убакыт сүйлөшүптүрсүздөр да, ээ?
- А. Н.: Мени Баткенде баары эле тааныйт да. Розаны да билгендер көп. Роза менен бирге басып койсом эле тууган-уруктар "болду, ушул кызды аласың" деп туруп алышты. Экөөбүз тең көп нерсени түшүнүп, билип калган жашка келип калганбыз. Андыктан 1-2 ай убакыт деле мен үчүн жетиштүү болду.
- 40 жаштан ашканда үйлөнүптүрсүз. Ушул кезге чейин көңүлүңүзгө жакын адам болгон жокпу?
А. Н.: - Мен буга чейин чынында үйлөнүүгө олуттуу караган жокмун. Жумуш деп жүрүп, убакыт өтүп кетиптир. Акыркы кезде гана жашым бир топко келип калганын түшүнүп, үйлөнүү тууралуу ойлонуп баштагам.
- Роза, сиз аз убакыт тааныган мырзага турмушка чыгуудан кооптонгон жоксузбу?
Р. А.: - Коркунуч болду. Нес абалда жүрдүм, чынында. Бизди кесиптештер үйлөнүп албайсыңарбы деп айта беришчү. Бирок жолдошум олуттуу ою бар экенин билдирген деле эмес. Биздин турмуш куруу тууралуу планыбыз Бишкекке чогуу келгенде чечилди. Баткенден Бишкекке келгичекти 1 сутка эмеспи, жолдошум узак жолдо пландарын айтып, колумду сурады. Албетте, кабатыр болдум, үйгө келип алып улам ага чалып “сиз деле мени тааныбайсыз, мен деле сизди тааныбайм, жашообуз кандай болот?” деп сурап жаттым. Жолдошум ошондо "кыжалат болбо, баары жакшы болот" деп мага ишеним тартуулады. Аябай чечкиндүү, эрки күчтүү адам экен деп баалап койгом (күлүп). Баш кошууну макулдашкан соң алыс туугандары апамдардын алдынан өткөнү үйгө келишти.
- Айрымдар "түгөйлөр качан бири-бирин жакшы таанып билгенде баш кошкону оң" деп айтышат. Бул тууралуу пикириңиздер кандай?
Р. А.: - Мурун туугандар "сүйүү үйлөнгөндөн кийин башталат" дешсе ишенчү эмесмин. Көрсө, чын эле ошондой экен. Илгери макулдашып коюп, үйлөнүшчү эле го. Биздики ошого жакыныраак болду. Азыркы жаштарга окшоп сүйлөшүп, кыз-жигит катары көп сүйлөшкөн жокпуз. Биздин кыз-жигит доорубуз баш кошкондон кийин башталды (күлүп). Баскан-турганыбызды, сүйлөгөнүбүздү, мүнөзүбүздү карап, мындай турбайбы деп бири-бирибизди жакындан таанып жатабыз. Мен башында Баткенди алыс деп чочулап жаттым. Жалгыз кызмын, апама жакын өскөм, алыс жакка барсам кантем деп ойлондум. Буйрук экен, таптакыр кыялымда жок нерсе болуп калды (күлүп). Азыр видео чалуу аркылуу байланышуу деген бар эмеспи . Бат-баттан кабарлашып турсак, ортодогу алыстык деле билинбей калса керек.
А. Н.: - Мен Роза Баткенге көнөт бекен деп кыжалат болгом, чынында. Эки айдай бири-бирибизди таанып жүргөнүбүздө бул жактагы жашоону көрдү. Сүйгөнүң болсо ачык айт десем, унчукпады. Ошондо баш кошуу тууралуу сунуш киргиздим. Башында чын эле коркуп жаткан, азыр жакшы, көнүшүп калды. Экөөбүз тең чыгармачыл адамдарбыз да. Мындан ары деле келинчегимди чакырышса кинолорго тартылат, спектаклдерде ойной берет.
- "Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт" деген кеп бар эмеспи. Роза, сиз кандай кызыктуу окуяларга туш болуп жатасыз?
- Р. А.: - Баткенде тергөө деген түшүнүк бар экен, мен ошону жакшы окшоштура албай жатам (күлүп). Кайнилеримди "старший брат", "младший брат" деп тергеп коём. Ал эми кичинекейлерди такыр эле тергей албай жатам. Баткенде чөгүндү абдесте дейт экен. Апам абдестени алып кел десе, мен ал эмне дейм. Колумду жууйм деп түшүндүрөт, мен чөгүнбү десем, ал эмне деп апам кайра менден сурайт, ошентип түшүнүшүп жатабыз.
Башында жолдошумду "Алтынбек байке" дечүмүн. Эми болсо же байке дей албайм же атынан айта албайм. Ошого "муженёк", "золотой" деп тергеп коём. Менден кыздар "кайын журтуңду тергеп жатасыңбы?" дешсе, эч кимди тергеген жокмун, жолдошумду гана тергеп жатам деп күлүп калам. Жолдошум экөөбүздүн айырмабыз 8 жаш, жакында 42 жашка толду.
- Рахмат маегиңиздерге! Бактылуу болуңуздар!