Биз социалдык тармакта

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: "Сооронбай Жээнбеков Айдар Акаевдин сөөгүн мекенине алып келүү боюнча чечим чыгарышы керек"

"Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков башына оор кайгы түшкөн экс-президент Аскар Акаевге жардам бериши керек", - деп билдирди укук коргоочу Токтайым Үмөталиева.

Анын айтымында, каза болгон Айдар Акаевдин сөөгү өз мекенинде жерге берилиши керек.

"Эч кимдин башына мындай кайгы түшпөсүн. Тунгуч президенттин башына кара күн түшүп турат. Тууганы, кийин уулу жаш кетти. Ал азыр кайгырып жаткан убакта ага жардам беришибиз керек. Ошол себептен менин сунушум мындай. Улуу урматтуу президент, эгерде элди бөлүп жарылуудан сактап калам десеңиз, комиссия түзүп, Москвага атайын бортту жөнөтүшүңүз керек. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго ыйгарым укук берип, Айдар Акаевдин сөөгүн өз мекенине алып келүүгө, аны акыркы сапарга узатууга шарт түзүп берүү кажет. Себеби ал кыргыздын жараны жана анын туугандары мекенинде гана сөөгүн жерге бериши керек. Президент саясий эмес адамгерчиликтүү чечим чыгарып, тунгуч президенттин үй-бүлөсүн өлкөгө кайтарып келиши шарт. Кандай гана болбосун, тунгуч президент деген наам бир гана Аскар Акаевде калат", - деп билдирет Үмөталиева.

Айрым маалымат булактары Айдар Акаевдин сөөгү Москвада 8-февраль күнү коюла турганын жазышууда.

Бүгүн, 6-февралга караган түнү Айдар Акаев 43 жашында каза болгону кабарланып, андан кийин эле Аскар Акаевдин агасынын уулу Кубан Акаевдин көзү өтүп, кечээ жерге берилгени маалым болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Jaznura
2020-02-06 16:06:51
Жердин астында чек ара жок. Баары эле окшош.
+9
Alimbek1000
2020-02-06 16:06:58
Алып келсе дагы кыйкырып чыгасыңар!
+6
aza84
2020-02-06 16:29:04
Эн туура кошулам
+10
Aimani
2020-02-06 18:27:48
Билишимче Токтайымдын кызынын өкүл атасы болчу эле Айдар. Убагында ичип, жеп элдин ырыскысына кутурган эле бул уй бүлө. Бирок кыргыз эли кечиримдүү элбиз. Өз жерине сөөгү жетпей калгандан артык жаза болбосо керек. Уруксат берип койсо болот го. Жеке пикирим
+6
Wibee
2020-02-06 19:50:34
Алып келишсин.ушундайда билинет мекендин элдин кадыры.
+10
Avrora2017
2020-02-07 05:03:46
Jer bardyk jerde birdei kakaia raznitsza apkelbei ele olgon jerine komup koiushpaiby
-2
balzak
2020-02-07 09:55:16
мээси жайындабы бул аялдын?!
-4
culu
2020-02-07 10:07:31
Тек койгула 15жылдан кийин баласы өлүп эми кайгырып калыптырбы. Бермет деле башка балдары деле өлөт. Бакиевдин деле Максими башкасы өлөт кайгырсын кантип көмүшүн билбей.
Кыргызтсанды жеп жатканда кайгырышын билбептирби.
Мындан башка башкаруучулардын башынада ушул кез келээрин билсин Американын гөрүндө же Москванын гөрүндө каларын катар болуп жатканын. Ажап болуптур кудай бир көтүңөрдөн тешип чыгарса экен жегениңерди. Ошончолук да жейби адам деген.
-2
Samatalibei
2020-02-07 12:36:09
Кыргыз эли кыргыз жери Акаевдерге өлгөндө гана керек болуп калыптырбы? Мындай окуя болбосо Кыргызстанды эстеп да койушмак эмес!Элди тоноп качып кетишсе Кооз өлкөлөрдө жыргап жашап жүрүштү. Кыргызстандын жакыр өлкө болгонуна тентип мигрант болуп балдар тирүүлөй жетим болгонуна. ушулардын тийешеси чоң! Убагында эл үчүн таза иштеп койушса азыр Кыргыз эли баары кайгырып отурмак.
+4
nuraku
2020-02-07 13:44:17
Жеп ичкендери болсо Эл астында болбосо да Алла тааланын астында ар бир пенде жооп берет. Баарыбыз бир жерге барабыз, кандай гана адам болбосун соогу оз жерине коюлганы жакшы. Жакын адамын акыркы сапарга узатып, башына чон кайгы түшүп жатканда табалаганыбыз туура эмес го
0
allia
2020-02-07 13:52:19
Тирүүсүндө куугунтуктап, өлгөндө алып келүүнүн кажети жок. Баарыбыздын баррарыбыз бир гөр...
+1
Aitunuk
2020-02-07 19:27:02
Президент чечим чыгаргыдай ал ким эле?! Элге кандай кызматы бар эле? Коррупцияга байланыштуу сот чечими турса, Президент кантип чечим чыгарат. Сүйлөйт десе эле, сүйлөй бербесе. Укук коргоочу десе эле, обу жок болуп кетишти, оозуна келгенди сүйлөшүп.
0
culu
2020-02-10 11:42:47
Кудай тообо кылдым Айдардын жаткан жери жайлуу болсун. Мүмкүн жакшы адамдардыр, табалаган туура эмес. Адамдын кадыр баркына шек келтирдиң деп 1000000 же 5000000 дооматка жыгып жүрбөгүлө зорго жашап жатканда, курулай дооматтан сакта. Ит үрө берет кербен жүрө берет. Кудай өзү түз жолду көрсөтсүн баарыбызга.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан