Биз социалдык тармакта

Тажикстанда Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жыйын өттү

Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февралда Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өкмөттүк делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим жетектейт. Жыйын учурунда белгиленгендей, эки жактуу мамилелерди бекемдөө максатында өлкөлөрдүн ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүгө жалпы түшүнүү жана каалоо бар. Вице-премьер-министр ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн делегациясы чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы иштерди аткаруу үчүн Баткен облусунда жүрүшөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2020-02-06 19:09:03
Буйруса чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын көрүп турабыз.
-2
Alimbek1000
2020-02-06 22:42:21
Сүйлөшүүлөр болуп жатабы демек буйура чечилет
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан