Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" аймагындагы көчөлөрдө соода кылган орундарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Рейдге акимчилик, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жана милициянын кайгуул кызматкерлери катышууда. Бул ирет Киев-Кулиев, Чүй-Кулиев, Бейшеналиева-Чүй, Бейшеналиева-Киев көчөлөрү, Чүй көчөсү Кулиевден Бейшеналиева көчөсүнө чейин рейд жүргүзүлүп, мыйзамсыз соода кылган орундардан тазаланды. Жалпы жонунан 80 чакты орун: алардын арасында шатёр, стол, зонт, бирдик жүктөөчү жайлар алынды", - деп билдиришти мэриядан.