Бишкектин бир канча көчөлөрүнүн кесилиштерине жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнө, Чүй-Тоголок Молдо, Чүй-Эркиндик жана Логвиненко-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиштерине жол белгилерин орнотушту.