Коронавирустун очогу болгон Уханда 2 чет элдик жаран каза болду

Коронавирустун очогу болгон Ухан шаарында эки чет элдик жаран каза болду. Алардын бири АКШнын 60 жаштагы жараны, экинчиси Япониянын жараны экенин дүйнөлүк басылмалар жазышты.

АКШнын Пекиндеги элчилиги 60 жаштагы америкалык жаран 6-февралда Ухан шаарында каза болгонун, ал коронавирус менен жабыркаганын кабарлаган.

Ал эми каза болгон Япониянын жараны коронавирустун белгилерин алып жүрүшү мүмкүн экендиги айтылган. Бирок медициналык текшерүүдө анын диагнозун аныктоо кыйынчылыктарды жараткан. Буга байланыштуу маркум пневмониядан каза болду деп белгилешкен. Япониянын жараны дагы Ухан шаарында көз жумганын аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dani
2020-02-08 16:54:28
Жалган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан