Дүйнөлүк банк өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө COVID-19га каршы күрөшүү үчүн 12 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу аталган мекемеге таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Ага ылайык, Дүйнөлүк банк өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө COVID-19га каршы вакциналарды жана дары-дармектерди сатып алуу үчүн 12 миллиард доллар бөлөт. Ошондой эле каржылоо программаны алуучу өлкөлөргө масштабдуу эмдөөлөргө даярдануу үчүн техникалык колдоо камтылган.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 38 миллион 41 миң 143 болду. Тилекке каршы, 1 миллион 84 миң 888 адам каза болду.