Орусияда сутка ичинде коронавирустун жаңы 52 учуру катталды. Бул жөнүндө орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, акыркы сутка ичинде 19-мартка карата коронавирустун 52 жаңы учуру катталган. Учурда жалпы жугуштуу вирусту 199 адам жуктурган. Алардын ичинен 9 адам айыгып чыкса, бир адам каза болгон.
Буга чейин бул коронавирустун айынан 79 жаштагы аял каза болгондугу кабарланган.