Ысык-Көлдө милициянын 3 кызматкерине ички иштер органынын ардагери күбөлүктөрү берилди

Ысык-Көл облусунда 3 милиция кызматкерин ардактуу эс алууга узатышты. Аларга ички иштер органынын ардагери күбөлүктөрү жана кесиптештери тарабынан даярдалган баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан бүгүн, 10-февралда билдиришти. Ардактуу эс алууга милициянын подполковниги Көлбай Баянов, майор Алмаз Акчубаков жана капитан Клара Жайлобаева кетти.

Мекеменин башчысы Улан Асанбаев мындай кызматкерлери менен сыймыктана турганын билдирди. "Милиция кызматындагы алгачкы баскычты катардагы милиция кызматкерлеринен баштап, офицер наамына чейин татыктуу жетише алдыңар. Сиздер тараптан мекендештерибиздин коопсуздугун сактоодо, мезгилдин кайсыл гана убактысы болбосун, жоопкерчилик менен көптөгөн салым кошуп келгениңиздерди, биз жакшы билебиз жана ошол эмгегиңиздер менен сыймыктанабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chake
2020-02-10 18:40:56
куттуктайбыз эр эмгегин жер жебейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан