"Паспорту же аты-жөнүн тактаган башка документтери жок жарандар калкты каттоого катыша алабы?" Улуттук статистика комитетинин жообу

2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин калкты каттоо иштери башталат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришкен.

Буга байланыштуу жарандар "Паспорту же аты-жөнүн тактаган башка документтери жок жарандар каттоого катыша алабы?" деген суроо менен SUPER.KG порталына кайрылышкан.

Бул боюнча Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык каттоону башкаруу бөлүмү төмөндөгүдөй маалымат берди.

"Мыйзам боюнча эл жана турак жай фондун каттоодо жарандын өздүк документтери талап кылынбайт. Каттоо документине жашаган жерине катталгандыгына жана анын мүнөзүнө (туруктуу же убактылуу) жана турак жай аянтына укугуна карабастан, иш жүзүндө жашаган жери боюнча документ менен ырастабастан элдин оозеки же жазуу жүзүндө берген маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт. Башкача айтканда, бардык маалымат жарандын сөзүнө таянып жазылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Улуттук статистика комитети Кыргыз өлкөсүнүн "эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" мыйзамынын 6-беренесине ылайык иш алып барарын эскертет.

Алсак, эл жана турак жай фонду каттоо калк жашаган турак үйлөрдү жана калк жашашы мүмкүн болгон турак эмес имараттарды кыдыруу жана атайын ыйгарым укугу бар адамдар (каттоочулар, эсептөөчүлөр) ар бир адамды сурамжылоо же каттоо документтериндеги тиешелүү суроолорго алардан жазуу түрүндө жооп алуунун негизинде каттоо документтерин толтуруу жолу менен жүргүзүлөт. Үй чарбасынын (үй-бүлөнүн) жаш мүчөлөрү жана убактылуу болбогондору жөнүндө маалыматтарды анын чоң мүчөлөрү берет. Калктын айрым категориялары (аскер кызматындагылар, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн кызматчылары) тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте катталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omush94
2020-02-13 16:07:21
Кирип келген дунгандарды да Кыргызстандын жараны катары каттап койбогула
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан