Индия тургуну коронавируска кабылдым деп ойлоп, өз жанын кыйган

Индиянын Анхра-Прадеш штатынын 50 жаштагы тургуну өзүн коронавируска кабылдым деп туура эмес ойлоп алып, жанын кыйган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

50 жаштагы фермер Бала Кришна коронавирус оорусу тууралуу акыркы маалыматтардан дайым кабардар болуп турган. Февраль айынын башында ал тумоолоп калган. Өзүн коронавирус жуктуруп алдым деп ойлоп, 5-февралда Тирапути шаарындагы ооруканага барып көрүнгөн. Дарыгерлер анда вирус бар экенин, бирок ал коронавирус эмес экенин эскертишкен. Бала Кришна дарыгерлердин айтканына ишенбей, үйүнө келгенде эч кимди жанына жолотпой, жакын келгендерди таш менен уруп кирген. 9-февраль күнү ал үй-бүлөсүн үйгө камап коюп, апасынын көрүстөнүнө барып, ошол жерден өз жанын кыйган.

Кришнанын жубайы Лакшми Деви кошуналарын чакырып, артынан барганча кеч болуп, күйөөсүнүн жанын сактай алышкан эмес. Ал эми маркумдун уулу Бала Мурали атасынын абалынан чочулап, Мамлекеттик тынымсыз байланыш кызматына чалганда, операторлор атасы Кытайга барбаган болсо, кабатыр болуунун кажети жок деп коюшканын айткан. "Эгер кимдир бирөө убагында реакция кылса, атам аман калмак", - деп кейиген баласы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Belek1710
2020-02-13 19:40:12
Бечара Бала, жаткан жери жайлуу болсун.
+1
Paol
2020-02-13 20:02:28
Каап жаман болуптур өзү деле ойлонбойбу десен коронавирус болсо врачтар кое берип коймок беле
+4
bratanyn
2020-02-13 20:34:00
Бул кишинин оорусу коронавирустан да жаман экен.
+7
Sultanim
2020-02-14 09:27:01
bratanyn,туура! Шайтандын васвасасы...
-3
temirov76
2020-02-14 06:10:07
Бала балалыгыны кылыптыр да.
-5
aiba_00
2020-02-14 10:09:21
Элге жугуп кала элкте озум олуп алайын деген го бечара.
+9
Arstan18.18
2020-02-14 10:52:41
Ооруу психически не здоровый
-5
nazi25
2020-02-14 14:10:33
Эх Бала Балаа
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан