24-марттан тартып Бишкек–Кара-Балта поезд каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүнө өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу 2020-жылдын 24-мартынан тартып Бишкек – Кара-Балта (№6061/6062; 6059/6060) поезд каттамы убактылуу токтотулат", - деп жазылат маалыматта.