Өзбекстан калкты пневмонияга жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коронавируска каршы республикалык штабынын мүчөсү, эпидемиолог Рустам Икрамов айтканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, өлкөдө жыл сайын күз жана кыш мезгилинде аба аркылуу таралган оорулардын көрсөткүчүнө көзөмөл салынат.
"Бул дарыгерлердин тили менен айтканда, микст-инфекция деп аталат. Мында оору бир адамдан экинчисине өткөн абал. Вирусту оорулар - сасык тумоо, пневмония коронавирус менен чогуу келгенде дагы татаалдыктар жаралышы мүмкүн", - деген ал.
Вакцинаны өлкөгө импорт кылуу чаралары иштелип чыккан. Иштер сентябрь айында башталары айтылат маалыматта.