ЭЛДИК КАБАР: "СЭЗде иштеген 2 Кытай жаранынын дене табы көтөрүлүп, ооруканага алып кетишти, биз коркуп жатабыз" дейт окурман

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Бишкектеги СЭЗде иштеген 2 Кытай жаранынын дене табы көтөрүлүп, ызы-чуу түшүп ооруканага алып кетишти", - деген кабар жөнөткөн.

"Мен Бишкектеги "Манас" аэропорту жакта жайгашкан СЭЗде (Свободная экономическая зона - Эркин экономикалык зонада) иштейм. Бул жакка Кытайдын Ухан шаарына жакын аймакта жашаган Кытай жарандары келишкен. Кытайларды кантип өткөрүп жиберишкендигин билбейбиз. Акча менен кирген болушу мүмкүн деп жатышат. Алар азыр бир фирманын ичинде камалып отурушат. 11-февралга караган түнү саат 02:30 чамасында 2 Кытай жаранынын дене табы көтөрүлүп, ызы-чуу түшүп ооруканага алып кетишти. Бизге ким жардам бере алат? Чочулоодон улам кыргыздар жумуштан чыга баштады. Коркконумдан сиздерге жазып жатам", - деп кайрылган окурман.

Бул кабарга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Бишкек Эркин экономикалык зонасы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп берди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
aerforce
2020-02-14 13:54:34
Кудай сакта кытайларды эмне эле киргизип жатасынар елки палки эки кытайды ак уйго эле киргизип жибериш керек болуп жатат озу
+20
tavanova.sarah
2020-02-14 14:06:34
Биздин айылдагы бир киши Ухандын жанындагы шаарга кирип чыккан экен. Кытайдан келип беймарал журуптур. Текшеруу болуп, Фапка келип штраф салып, жанжал чыккандан кийин элге билинди ал киши жонундо. Ошону текшербей кантип чек арадан откорушту тушунуксуз?! Дагы чек араларда штаб тузулду дегеничи уялышпай!!!
+8
Kyrgyz_bloger
2020-02-14 14:15:37
Анан окмот маалымат берет жон эле грипп экен коркунуч жок деп.
+13
Islambek123
2020-02-14 14:20:26
Борончу чакырган жок беле?
-1
titanik32
2020-02-14 14:31:04
Мурдуна бок сүйколгон Кыргызым,дагы алдыда тарткылыгың көп экен.Мындай акча десе апасын сата турган акмактар болсо,мекенин эли жерин ойлобой акча десе сатып турса.Бизди Аллах өзү эле сактап жатат,Бир нерсе болуп кетсе колубуздан покям келбейт кырылып калабызбы деп корком.
+8
chake
2020-02-14 14:45:02
Арыстан алай бар го бизде эмнеге коркосуңар
-6
Alimbek1000
2020-02-14 14:50:47
Кудайым сактай көр!
+7
al-abu-kinesz
2020-02-14 15:08:35
Эгер чын эле вирус аныкталса келген кытайдын баарын департ кылыш керек
+7
Samatalibei
2020-02-14 16:37:36
al-abu-kinesz, Вирус келбей калсын. Эгер келсе биздин чондор Сатылат депорт эмес акчасын алат амооруп олуп жатса да жеп олгусу келет биздин чондор!
+5
deva
2020-02-14 15:11:01
Кытайда 1 тун ичинде 14 мин адам коронавируска кабылыптыр. Окумуштуулар карантин деле буга богот боло албайт деп жатышыптыр. Жанылыкты окуп алып башып ооруп, мурдумдан суу ага баштады, тобо. Эмнеге киргизишет кытайларды.
+4
Agayu
2020-02-14 15:29:44
Кыргыздын чиновниктери жандыка айландырам десе эшекти тандаса керек эле .Себеби эшекти эч ким тандабайт да биздикилер мейли боло берет деп макул боло берет Принцип жок Өз позиция жок, Эрк жок баарын акчага сатып жиберебиз сраз .Биз Бош Жош Калкпыз туугандар ө үйдө баатыр жолдо бокпуз. Бири бирибизге геп эмес реп менен кажышабыз
+7
alive
2020-02-14 16:01:05
Маалыматты дагы кененирээк тактагылачы, 11-февралдан бери 3 кун отту го. Кайсы числодо Кыргызстанга киришиптир? А жанында иштеген кыргыздарга да жуккан болсо, алар деле билбей аралашып журсо элдер менен... Кудай озу сактасын аз гана элбиз. Ушул оорунун артында кимдин кызыкчылыгы болсо, ким себеп кылса мин наалат ошолорго. ШОС ду жок кылгысы келип жатышат. Орто Азиянын келечеги кен болмок, бир кур бир алкак проектисиндеги темир дал ушул Ухандан башталмак.
+2
alive
2020-02-14 16:07:53
Америкага Бармак кыялым эле, эми атын дагы уккум келбейт. Америкада белыйлар дагы деле башкалардан озун кыйын сезип тенине албайт деп коп укчумун. Вирустун теги барып ошол белый домдун белыйларына такалат экен. Канча кылымдан бери жеп келген жылан, жарганаттан туруп туруп эле страшный оору чыгып кетишинде логика жок.
+3
Samatalibei
2020-02-14 16:33:14
Биздин депутаттарга министирлерге айтарым Кыргыз элдин душманы эн биринчи силерсинер! Силердин айынардан чек арада Эл азап чегип олуп жатат! Силердин айынардан Кыргыз элим коркуп жашап калдык, Ушул бизди коргойт деп ишенген бир да татыктуу киши жок! Саткындар!
+14
nazarnew
2020-02-14 20:49:04
Бул вирустан бир гана Кытайлар өлүп атат, 40 жаштан улгайган возрастка чейинкилер или иммуны слабыйлар, калган нация тирүү эле жүрүшөт, паника кылып зачем, Аллах качан өлөсүң десе любой момент тынчыйсын, так что не кыжылуйтесь. Бул только бактериологиялык оружия деп жатышат көпчүлүгү, Аллахтын Кытайларга каары деп башка версияларда жүрөт, вирус через канализация жугат экен, Кытайлар ар нерсени дешет го ошого тез заражение болтат аларда, бул политика, бизге залакасы тийбейт, так что тынч уктагыла
-3
Kona8631
2020-02-14 22:39:56
Атамбаев убагында контроль жестко эле границада...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан