Ысык-Көл облусунан 30 дарыгер Бишкекке жардамга жөнөтүлөт

Ысык-Көл облусунан 30 дарыгер Бишкектеги кесиптештерине жардамга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн брифинг учурунда билдирди.

“Медицина кызматкерлерибиз колдон келген жардамын берүүгө даяр. Мен учурдан пайдаланып дарыгерлерибизге ыраазычылыгымды билдирет элем. Бишкекте абал курч болуп тургандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунан 30 медицина кызматкерин Бишкек шаарына жардамга жөнөтүп жатабыз. Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлдөгү пансионаттарда иштөөгө 24 медицина кызматкери келери күтүлүүдө. Алар менен келишим түзүлгөн”, - деди Осмоналиев.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан