Япониялык "Diamond princess" круиздик лайнериндеги жүргүнчүлөрдүн арасында коронавируска кабылгандардын саны 335ке жетти. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, "Diamond princess" лайнеринде эки апталык карантин жарыяланган.
Учурда аталган лайнердеги АКШнын, Канаданын, Гонконгдун, Түштүк Кореянын жана Италиянын жарандары эвакуацияланууда. Жарандар сөзсүз түрдө текшерүүдөн өтүп, тесттин жыйынтыгы менен гана эвакуацияланарын Япония бийлиги билдирген.
"Diamond princess" круиздик лайнеринде 400 жараны бар АКШ чартердик каттам менен жарандарды өз өлкөсүнө алып кетүүдө. Мекенине кайткан жарандар алгач аскердик базада болуп, эки апта карантинден өтүшөт. Ал эми коронавирустун белгилери аныкталган 40 АКШ жараны дарылануусун Япониядагы медициналык жайлардан өтөрү айтылды.
3700 жүргүнчүсү бар япониялык круиздик лайнерде 80 жаштагы Гонконгдун тургуну коронавируска кабылганы билинип, андан соң бир нече жүргүнчүнүн абалы начарлап кеткен. Кеме 5-февраль күнү 14 күнгө карантинге Йокогаманын портуна токтотулган.
Лайнердин ичинде жалпысынан 3 миң 711 адам болгон. Алардын 2 миң 666сы эс алуучулар, 1 миң 45и лайнердин кызматкерлери.