Акыркы суткада өлкөдө коронавирусту 3 медицина кызматкери жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар:
Бишкек шаарында – 2;
Ош шаарында – 1.
Бүгүнкү күндө илдетке кабылган медицина тармагынын кызматкерлеринин саны 183кө жетти.