Бишкек шаарынын Жибек-Жолу жана Логвиненко көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дагы 3 медицина кызматкери коронавирус жуктурганы анык болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Аталган бейтапканада кечээ, 25-апрелде 3 дарыгерден коронавирус аныкталган. Ал эми бүгүн дагы 3 медицина кызматкери вирусту жуктуруп алганы маалым болду. Ошону менен алардын жалпы саны 6га жетти", - деди маалымат кызматынын өкүлү.
Эске салсак, бүгүн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргыз өлкөсүндө 5 медицина кызматкери коронавирус жуктурганын айткан.