Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 335 миң ит идентификациядан өткөнү айтылды

335 миң ит идентификациядан өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

"Каттоо китепчеси берилип, маалыматтык базага киргизилди. Кутурма оорусуна каршы иттер жылына бир жолу эмделип, дегельминтизациялоо жылына 4 жолу жүргүзүлөт", - дейт Калысбек Жумаканов.

Учурда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 2020-жылга карата кабыл алынган иш-пландары, тармактык артыкчылыктуу багыттары тууралуу маселе каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lui
2020-02-17 14:27:47
Мм.. жакшы го, а бизге келишкен жок жана 5-6 жыл мурда каттоого алып кеткен итибизди кайрадан жанылап катташ керек беле? Эмөөнү айтпай эле коеюн
0
pochtalyonin
2020-02-17 15:08:35
335миң өрдөк учуп кетиптирго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан