КҮНСОБОЛ: 15 миңдей жумуш ордун камсыз кылып, миллиондогон инвестиция келе турган логистикалык борбордун курулбай калышына кимдер кызыкдар болушту? Нурбаев: "Өкмөт элге логистикалык борбор тууралуу так маалымат берген эмес"

Кечээ, 17-февралда Нарын облусунун Ат-Башы райондук администрациясынын алдына эл топтолгон. Алар логистикалык борбор - Ат-Башы эркин экономикалык зонанын курулушуна каршы болуп чыгышкан.

“Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясы соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорду жапты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылганы маалым болду.

SUPER.KG порталы "15 миңдей жумуш ордун камсыз кылып, миллиондогон инвестиция келе турган логистикалык борбордун курулбай калышына кимдер кызыкдар болушту?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев элге түшүндүрүү иштери жүргөн эмес деген пикирде.

"Бул жерде эң биринчи нерсе элге так маалымат жеткен жок. Өкмөт логистикалык борбор курулары пландалганда эле барып, элди чогултуп, маалымат бериши керек эле. Кандай келишим жүрүп жатканын, канча салык түшөрүн, канча адам жумуш менен камсыз болорун түшүндүрүшү шарт болчу. Оң жана терс жагын айтышы зарыл эле. Ошондо мындай нерсе болбойт болчу", - дейт Нурбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан