Бишкекте Улуттук госпиталда 19 жаштагы келин каза болду. Ал 3 ай мурун эгиз төрөгөн

Бишкектеги Улуттук госпиталда 19 жаштагы келин каза болду. Маалыматты Биринчи Май РИИБинин маалымат катчысы кабарлады.

"17-февралда саат 18:00 чамасында нөөмөт бөлүмгө Улуттук госпиталда жаш эне каза болгондугу тууралуу маалымат келип түштү. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон келин 2001-жылы туулган Ж.Э. экенин аныкташты. Маркум мындан 3 ай мурун эгиз төрөгөнү маалым болду.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 152-берене (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дейт аталган мекеменин басма сөз катчысы.

Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий билдирүү жасай элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-18 20:52:11
Окунучтуу!((((
+2
Gulzina1993
2020-02-19 02:08:16
Окунучтуу..жапжаш турбайбы
0
orun
2020-02-19 08:15:52
Аллах бейишинен орун берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан