Мырзабек Жыпаркулов Экотехинспекциянын директору болуп дайындалды

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды. Маалыматты бүгүн, 18-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Мырзабек Жыпаркулов буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында, Экотехинспекциянын жетекчисинин орун басары жана "MegaCom" компаниясынын Оштогу аймактык өкүлчүлүгүнүн директору болуп эмгектенген.

24-январда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Анда ал өткөн жылдын аягында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери коррупцияга шектелип кармалганы боюнча сындаган.

31-январда Жолдошбек Жунушев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору кызматынан бошотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан