Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов отставкага кетти. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан тастыкташты.
Ага ылайык, шаардын мэри өз каалоосу менен жумуштан кеткени айтылат.
Маалым болгондой, Марат Кудайбергенов 2019-жылдын май айында 25 жашында Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланган. Ал "Замандаш" партиясынын мүчөсү.