Назгүл Ташпаева президенттик аппараттын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ташпаева өз каалоосу менен кызматтан кетүү үчүн арыз жазган.
Ал бул кызматка быйыл январь айында дайындалган.
Назгүл Ташпаева 1973-жылы 11-августта Фрунзе шаарында туулган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.
2006-жылы президенттик администрацияда аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгында эксперт катары иштеген. Андан соң өкмөттүн аппаратында, социалдык өнүктүрүү министри, Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директору кызматтарында иштеген. 2010-жылдан кийин ПРООН, ЮНИСЕФ өңдүү эл аралык уюмдарда иштеген. 2015-жылы 2018-2040-жылдарга Кыргыз мамлекетин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун мүчөсү болгон.