Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулары менен жолукту. Ош облусунун Алай районунун Арпа-Тектир айылынын жашоочулары президентке кайрылышып, "инибиз Рахманберди уулу Төлөгөнгө Ошто Кылычбек Саркарбаев, Нурбек Раимбеков, Мунар Сайпидинов тарабынан коркутуу, үркүтүү болуп жатат. Ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду сурайбыз. Аксакалдарды кабыл алып, көйгөйлөрүн угуп, ушул жигитибиздин ишин жакшы териштирип берсеңиз" деп суранышкан. Ошол себептүү бүгүн, 19-февралда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Арпа-Тектир айылынын жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Төлөгөн Рахманберди уулу боюнча, ошондой эле Ош облусу жана Ош шаарында болуп жаткан кылмыштуу окуяларга кимдин катышы бар болсо, ким болбосун, бардыгынын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат. Эгерде алардын кылмыштарга тиешеси боло турган болсо ошого жараша жоопкерчилик тартат.
Ошол эле сиздердин уулуңар Рахманберди уулу Төлөгөндүн жана анын шериги Эмилбек Кимсановдун кылмышка шектүү экендигин сиздер жакшы билесиздер, жалпыга маалымдоо каражаттарында да жарыяланып жатат. Мына экөөнө тең учурда издөө жарыяланды, качып жүрүшөт. Эгер алар таза болсо, күнөөбүз жок, айта турган сөзүбүз бар дешсе, анда бизге, укук коргоо органдарына келсин, качпасын арыз-муңун ачык айтсын. Биз акыйкат тергейбиз жана ким гана болбосун күнөөсү далилдене турган болсо, жазасын тартат. Эч кимдин, эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз. Мыйзам чегинде катуу жана акыйкат чечимдерди кабыл алабыз", - деди министр Жунушалиев.
Буга чейин ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу денесинен жаракат алгандыгы боюнча бир нече жолу суралган жана мындай факты болбогондугун айтып, түшүнүксүз жоопторду бергенин, ал башка резонанстуу иште катыштыгы бар экендиги маалым болгонун айткан.
17-февралда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев кызматынан убактылуу четтетилген.
Өткөн жылдын 21-сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Фуркат айылында К.С. жана Р.у.Т. аттуу спортчулардын ортосунда чыр чыгып, ок атышуу орун алган. К.С. бул Ош шаарынын дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев, Р.у.Т бул спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу экени талкууга түшкөн.