ИИМ: "Спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу резонанстуу иште катыштыгы бардыгы маалым болду"

Социалдык тармактарда жана айрым маалымат агенттиктеринде Ош шаарынын тургуну, спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусу жарыяланды. Анда ал президентке кайрылып, ага коркутуу болгонун жана аны уруп-сабап, андан кийин тапанчадан жаракат алып ооруканада жатканын айткан.

Мындан улам ИИМ кайрылуу боюнча текшерүү жүргүзүп, кайрылуудагы ар бир окуя териштирилип жатканын маалымдайт.

Буга чейин Төлөгөн Рахманберди уулу денесинен жаракат алгандыгы боюнча бир нече жолу суралган жана мындай факты болгондугун айтып, түшүнүксүз жоопторду берген.

"2019-жылдын 4-июнь күнү Ош ШИИБине шаардагы көчөлөрдүн биринде ок атышуу орун алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 4 ок менен уюлдук телефон табышкан. Экспертизанын жыйынтыгы менен табылган октор тапанчанын огу болуп чыккан. Ички иштер органдарына бул факты боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес. Бир нече күбөлөр суралып, тилекке каршы бул окуяга тиешеси барлар аныкталган эмес. Суралгандардын ичинде жогорудагы жаран дагы болуп, ок атышууну такыр укпагандыгын, денесинен эч кандай жаракаттарды албагандыгын билдирген.

Өткөн жылдын 22-сентябрь күнү Ош ШИИБине Төлөгөн Рахманберди уулу денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилгени маалым болгон. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери ок атышуу фактысы болгондугун аныкташкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрө баштаган. Ал эми тергөөнүн жүрүшүндө Төлөгөн Рахманберди уулу көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Андан сырткары жалпыга маалымдоо каражаттарына кокустуктан улам ок атуучу куралдан жаракат алгандыгын жана ал өзүнө-өзү жаракат келтиргендигин билдирген.

Ички иштер министрлиги билдирет: азыркы учурда уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталган комплекстүү ыкчам алдын алуу жана тергөө амалдары жүрүп жатат. Жогорудагы иш-чараларды жүргүзүүдө жаран Төлөгөн Рахманберди уулу башка резонанстуу иште катыштыгы бардыгы маалым болду. ИИМдин тергөө кызматы тарабынан жарандын денесине жаракат келтирүү фактысы боюнча иш бар. 2018-жылдын 28-декабрь күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Бишкек шаарынын жашоочусу К.А. аттуу жарандын денесине жаракат келтиришкен. Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы укукка жат иш-аракетке Төлөгөн Рахманберди уулунун тиешеси бардыгы аныкталган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Төлөгөн Рахманберди уулу кылмыш жоопкерчилигинен бошонуу үчүн жана коомчулукту адаштыруу менен укук коргоо органдарын каралоо максатында видеокайрылуу жасаган деп эсептейбиз. Ошондой эле Аламүдүн РИИБинде аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Төлөгөн Рахманберди уулунун тиешеси бардыгы жөнүндө толук далилдер топтолду. Бул факты видеого түшүп калгандыгын белгилейбиз.

Андан сырткары 2020-жылдын 29-январында болжол менен саат 18:00 чамасында Оштогу стадиондо белгисиз адамдар Төлөгөн Рахманберди уулунун денесине жаракат келтирген соң качып кетишкен. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Аталган факты боюнча тез арада ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп баштаган. Бирок Төлөгөн Рахманберди уулу көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Буга карабастан Ош шаарында милиция кызматкерлери күмөн саналган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Автоунаанын ичинде жүргөн ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары турган 5 адам кармалган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Өткөн жылдын 21-сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Фуркат айылында К.С. жана Р.у.Т. аттуу спортчулардын ортосунда чыр чыгып, ок атышуу орун алган. К.С. бул Ош шаарынын дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев, Р.у.Т бул спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу экени талкууга түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Abdizhapar
2020-02-15 21:23:25
Корбой туруп бироону куноолош кыйын бирок кыргызда саяк журсон таяк жейсин деген соз бар
0
pero5184
2020-02-15 22:45:58
Тынчылык болсунчу
+1
Benazir08
2020-02-15 23:21:58
Гурган Төлөш аябай жакшы жигит эле спортсмен эле. Буну чондор пайдаланып атат бекер гана аралаштын да буларга.
Толош ото сонун жигит элен. Эми кеч
-1
tachkomur
2020-02-16 09:01:43
Кач эми кеч Боло електе
0
Chungyz
2020-02-16 09:49:03
кимдин куноосу болсо кудай коруп турат баарын ар бирине татыктуу жазасын берет
+4
Mirlan27011987
2020-02-16 10:56:06
Раим Матраимовторду актаганды токтоткула азыркы бийлик.
+4
Mister-X
2020-02-17 03:41:06
Mirlan27011987,Мен Раимди актабайм.Мага демек бышырып жесин.Мобу бала экоолоп бир баланы тепкилеп, уруп жатканы видеого тушуп калыптыр.
Бул бала озу да,, черный"болуп жургон.
0
elisbek84
2020-02-16 22:04:07
Ушу биздин спортсмен жигиттердин рекет чёрный болуп кеткени жаман да. Баары эмес бирок арасында бар да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан