"Ухан вирусу": Каза болгондор - 2 миң 247, ооругандар - 76 миң 295
21-февралга карата Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясынын берген маалыматына ылайык, 76 миң 295 киши коронавирус жуктурганы аныкталып, андан 2247 адам каза болгон. Ал эми 18 миң 424 адам дарыланып, ооруканадан чыгарылган.
Акыркы суткада Кытай Эл Республикасында жалпы 889 киши вирусту жаңы жуктуруп, 118 киши көз жумган (115 адам Хубэй провинциясынан).