Муфтият: "Жума намазга келген адамдардын санына чектөө коюлбайт"

Коронавирусту алдын алуу үчүн Кыргыз өлкөсүндө намазга массалык түрдө топтолуу чектелерин 28-февралда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирген.

Бул боюнча бүгүн, 6-мартта Мусулмандар дин башкармалыгына кайрылганыбызда жума намаз белгиленген убакытта окуларын жана адамдардын санына чектөө киргизилбегенин билдиришти.

"Муфтият Саламаттыкты сактоо министрлигинин кайрылуусуна ылайык, коронавирустун алдын алуу алкагында өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлору менен биргеликте жума намаздарында, сабактарда ошондой эле жыйындарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Муну менен катар муфтият республикадагы бардык мечиттерди жана жайнамаздарды таза кармоону сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле муфтият Саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык коронавирустан коргонуунун жолдорун эске алууга чакырды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
erlan2196
2020-03-06 14:10:16
Муфтият элди тетири жака ундогонду токтотуш керек. Ашкере фанатизмдин элибизге кереги жок. Фанатизм - бул коркунучтуу ички дуйнонун оорусу.
-6
toktor89
2020-03-06 16:30:00
erlan2196,
Шакалдардын натуральныйы экенсин эээ
0
talas0707
2020-03-06 16:53:21
Мечит дейт калганычы? Мектеп, универ, базар дордой ж.б. же башка жактан жукпай мечиттен эле жугат деген бул кемчотойдун ойу!
0
nuridindosmatov
2020-03-06 19:42:55
Мечит жабылган куну келбесин вирус.Тооба деп коп коп дуа кылса Иншаллах келбейт.
+1
PROS
2020-03-07 07:19:09
Коронавирустан эмес Аллахтан корккула!!! Коронавирус Аллахтын алдына алып барат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан