Коронавируска байланыштуу "Armani" брендинин Миландагы көргөзмөсү көрүүчүлөрсүз өттү

Италиялык модельер Жоржо Арманинин жаңы коллекциясынын көргөзмөсү көрүүчүлөрсүз өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Модельер коронавирустун Италияда кеңири жайылып жатканына жана акыркы ооругандар Милан шаарына жакын аймакта катталганына байланыштуу шоу көргөзмөсүн конокторсуз өткөрүүнү чечкен. Мода үйүнүн басма сөз кызматынан билдиргендей, модельер вирус жайылып, көргөзмөгө келген көрүүчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч туудурбасын деп ушундай чечимге келген. Ал эми бош залда өткөн көргөзмөдөн түз алып берүү кечээ, 23-февралда мода үйүнүн сайтында көрсөтүлгөн.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Италияда коронавирус жуктургандардын саны 100 кишиден ашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz40
2020-02-24 11:31:17
Наполи Барселона оюну болушун кутобуз, алга Барса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан