Бишкектеги "Семетей" госпиталынан бир суткада 27 бейтап айыгып чыкты

23-июлда Бишкектеги “Семетей” госпиталынан (мурдагы “Ганси” авиабазасы) 27 бейтап айыгып чыкса, жандандыруу бөлүмүндө жаткан 6 бейтаптын абалы турукташып, корпустардагы орундуктарга которулду. Бул тууралуу “Семетей” госпиталынын башкы дарыгери Кутман Мурзакалыков билдирген.
“23-июль күнү жандандыруу бөлүмүнөн алты бейтаптын абалы турукташып, госпиталдагы корпустарга которулду. Ал эми 27 бейтап айыгып чыкты”, - деди ал.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 23-июлга карата “Семетей” госпиталында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук бар болсо, анын ичинен 115 бейтап дарыланып жатат, калган 485 орундук бош.
Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 27 оор абалдагы бейтап бар, калган 23 орундук бош.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2020-07-24 07:45:04
Азайып барып жок болуп кетсин. Кудайым ааламды ааламдын ичинде Кыргызстанымды аман эсен куткара көр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан