Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабды биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жетектейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июнда премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Ал коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш анын көзөмөлүндө болорун айтты.
Буга чейин республикалык штабды Боронов биринчи вице-премьер-министр кезинде өзү жетектеп келген.