Коңшу Казакстанда коронавирус инфекциясынын айынан акыркы бир сутка ичинде төрт адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде каза болгондордун ичинен Нур-Султан шаарында 1944-жылы туулган аял киши, Шымкент шаарында 1950-жылы туулган аял киши, Караганды облусунда 1958-жылы туулган эркек киши жана Павлодар облусунда 1957-жылы туулган аял киши коронавирус инфекциясынын курмандыгы болушту.
Бул көрсөткүч менен Казакстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 52 адамга жетти.