Жалал-Абадда жардамга өтө муктаж 3 миң 70 жакыр үй-бүлө бар экени айтылды

Бүгүн, 24-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева онлайн маалымат жыйын берип жатат.

Жыйында Жалал-Абад облусу боюнча социалдык төлөмдөрдү төлөөдө кыйынчылыктар болбогону айтылды.

"Жарандарга социалдык төлөмдөрдү убагында берүү үчүн банктар менен сүйлөшүп, бирдиктүү жыйынтыкка келип, алардын кызматкерлери төлөмдөрдү токтоосуз жарандардын үйлөрүнө алып барып беришти.

Жалал-Абад облусу боюнча 3 миң 70 үй-бүлө жакыр, жардамга өтө муктаждар катары тизмеге алынган. Алардын ичинен 942 жаранга социалдык көмөк көрсөтүлдү. Аларга азык-түлүк баштыктары, мамлекеттик резервден келген ундар берилди. Бүгүнкү күндө биз аркылуу мамлекеттик резервден дагы 662 кап ун келди. Бул ундар биздин тизмедеги бардык үй-бүлөгө жетпей калгандыктан, калгандарына демөөрчүлөрдүн көмөгү менен жардам берилди. Келген жардамдар максаттуу түрдө колдонулуп, ар бир муктаж жарандын дарегине жетиши үчүн биздин кызматкерлер өздөрү ал үй-бүлөлөргө жеткирип беришти.

Мындан тышкары 1227 бирдиктүү номуруна 4800дөн ашык жарандын тизмеси келип түшкөн. Буларга мамлекет тарабынан 1 миллион сом бөлүндү. Комиссия карап, ар бир жаранга 800 сомго чейинки азык-түлүк баштыктарын даярдап жатышат. Булар дагы тизме боюнча берилет", - деди Батина Токобаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан